Видео – Кыргыз-өзбек чек арасында аткезчи 573 миң долларды таштай качкан

Кечээ, 17-февралда белгилүү болгондой Өзбекстандын Фергана облусундагы кыргыз-өзбек чек арасын кайтарып турган өзбек чек арачылары таңкы караңгыда чек араны өзбек тараптан кыргыз тарапка кесип өтүүгө аракет кылган караанды байкап калып, аны кармоого аракет кылып чуркашканда аткезчи колундагы сумкасын жерге таштай коюп, качып кутулган. Бул тууралу Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматы видеобилдирүү таратты.

Калып калган сумканы ачып текшеришкенде анын ичинен аткезчилик жол менен Кыргызстанга өткөрүүгө даярдалган 573 миң 280 доллар табылган. Акча мамлекеттин эсебине чегерилип, аны таштай качып кеткен киши изделүүдө.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *