
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 12-19-декабрь күндөрү Сербияда өткөн эркин күрөш боюнча 2020-жылдагы Дүйнөлүк кубоктун мыкты спортчусу деп табылды.
Ал эркин күрөш боюнча мелдеште 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Сербияда Тыныбекова 4 мушташ өткөрүп, баардыгын мөөнөтүнөн мурда жалпы 47: 2 эсебинде жеңип алган.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча, кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча мыкты деп табылды.
Ой-пикир жок