Видео- “Кырк чоро” ТИМдин алдында акция жасап, шейх Абдуллах Фалех Жаберди Кыргызстандан депортациялоону же камоону талап кылды

“Кырк чоро” бирикмеси КР Тышкы иштер министрлигинин алдына чыгып, нааразычылык акциясын өткөрүп, Кыргызстандагы «Табарак» кайрымдуулук уюмунун жетекчиси шейх Абдуллах Фалех Жабер кыргыз кыздарын $200 акчага сатып алып, булгап, туура эмес иштерди кылып жүргөнү видеотасмалар аркылуу далилденсе да кыргыз бийлиги унчукпай олтурганына ачууланды. Мусулманчылыкта мындай ыпластык өтө чоң күнөө болуп саналат. Бул кыргыз коомчулугун сыйлабай койгондугу аз келгенсип ислам дүйнөсүн дагы уяткарып жатат. Эгер мамлекет алсыз болуп жатса, Жаберди камай албай же депортация кылбай жатса анда коомчулук күч менен кууп чыгып, экинчи кайтып келгис кылышыбыз керек дешти кырк чоролор.
https://www.youtube.com/watch?v=6lx2518yZxs

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *