Видео – Максим Савосин, Кара-Балта тоо-кен комбинатынын директорунун орун басары: “Уран менен торийди казып алуу жана кайра иштетүүгө тыюу салуу тууралуу мыйзамдын авторлору өлкөгө пайда алып келебиз деп ойлоп жатышат, андай эмес…”

Бүгүн, 21-октябрда Кара-Балта тоо-кен комбинатынын кызматкерлери: Максим Савосин, Сабыр Бекбаев, Алмаз Алишеров, Жанна Зимукова, Өмүрбек Касымбеков 24.kg агенттигинде  маалымат жыйын өткөрүштү. Анда алар Жогорку Кеңештин депутаттары кенди (уран, торийди) казып алуу жана аны кайра иштетүүгө тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууда шашып жаткандарын баса белгилеп, аны токтотуп турууну депутаттардан суранышты.

Кара-Балта тоо-кен комбинатынын директордун орун басары Максим Савосиндин айтымында, комбинат 65 жылдан бери тынымсыз иштеп келет. Калдыктарды сактоочу жай совет доорунда пайда болгон жана комбинат өз күчү, каражаты менен калдык сактоочу жайдын абалын камсыздап келүүдө. Акыркы 30 жылдан бери анын көлөмү да көбөйгөн. “Уран менен торийди казып алуу жана кайра иштетүүгө тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорунун авторлору өлкөгө пайда алып келебиз деп ойлоп жатышат. Жок, андай эмес, кайра зыян алып келишет. Себеби, бюджетке минимум 52 миллион сом салык түшпөй калат. Биз узак мезгил бою түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун объективдүү чечимине үмүт арткан элек. Бирок талкууланып жаткан мыйзам долбоорундагы кине коюуда түпкү негизи, далили жок. Ушунун арты менен депуттар бүтүндөй бир тармакты жоюп салууга алып баратышат. Кара-Балта тоо-кен комбинаты уран казып, иштеткиси келген башка мамлкеттердин алдында артыкчылык берет. Көпчүлүк өлкөлөрдө уранды иштеткендей даяр инфраструктурасы жок, а бизде бар. Биздин комбинаттын уранды туура, коопсуз иштетүү боюнча 60 жылдык тажрыйбасы бар жана  уранды жогорку деңгээлде тазалаган уникалдуу технологияга ээ, уу заттарды сактоочу жайларды кандай абалда кармаш керектиги боюнча бардык талаптарды аткара алат. Аларга кетчү чыгымдарды мамлкет эмес, жеке бизнес төлөйт. .», -дейт М.Савосин.

Эске сала кетсек, ушул жылдын апрель айында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыгып, жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундан улам, өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон. Президент Сооронбай Жээнбеков уран казылбай турганын айткан. Парламент болсо «кен иштетилбесин» деген токтомун кабыл алган. 10-октябрда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окуудан өтүп, кабыл алынган. Мыйзам долбоорун “Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу жана «Бир Бол» фракциясынын депутаты Бактыбек Турусбеков иштеп чыккан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *