Видео – “Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо велосипедчен эки кишини унаа сүзүп кетип, бири жеринен каза болду

“Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо “Ауди” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу велосипедчен эки адамды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымдайт.

Такталгандай, кырсык бүгүн, 30-июнда болжол менен саат 10:00дө болгон. Анын кесепетинен улам велосипедчен адам жеринен каза болгон, экинчи велосипедчен оор абалда ооруканага жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу жол жээгинде кетип бара жаткан 2 велосипедчен адамды сүзүп кеткен.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *