Видео – Мигранттар: шайлоо укугубуз тебеленди

15-октябрдагы президенттик шайлоодо Москва шаарында иштеп, жашаган үч жүз миңдей мигранттын ичинен 1252 кыргызстандык гана добуш берди. Шайлоо күнү добуш бере албай калган 500-600дөй мигрант Москвадагы кыргыз элчилигинин алдына чогулуп, нааразычылык билдиришти. Алардын көбү биометрикалык маалымат тапшырбай, консулдук каттоодон өткөн эмес. Кээ бири мигранттарга жетиштүү маалымат берилбегенин айтышса, айрымдары өздөрүн тизмеден таппай калышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

1 ой-пикир

  • Медер says:

    Деги эле адамзаттын айрымдарына тан каласын? Эмне дегенде шайлоо алдында июль-август айынан баштап радио теледен деле байма бай эскертип жатпадыбы биометрикадан откон адамдар гана шайлоого катыша алат деп. Кайран кыргыздар уктап жатып эми ойгондубу? Акча деп журуп мамлекеттин ичиндеги болуп жаткан президенттик шайлоону, отуп жаткан биометриканы эске албай тезек терип журуштубу? Эми Бабановтун шайлоодо таркаткан акчасынан куру калып албайын деп шаштысы кетип жатышат.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *