Видео – Милиция аялга күч колдонуп, бычак такап, 65 миң сом акчасын карактап кеткен кылмышкерлерди кармады

Бишкек милициясынын Октябрь райондук бөлүмү быйыл 7-июнда, түнкү саат 01:40 чамасында Байтик баатыр көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн подъездинде кирип бараткан Т.А. аттуу аялды тосуп, бычак менен коркутуп, күч колдонуп, 35.000. сомун жана 30.000. сомдук “НР” үлгүсүндөгү ноутбугун карактап кеткен эки кылмышкердин бирин кармады. Бул тууралу бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Колго түшкөн А.К. аттуу жаран 1985-жылы туулган. Бул кылмыш фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 202-“Карактоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган шектүү жаран эки айга Бишкек СИЗО-1 тергөө абагына камалды. Азыр милициянын ыкчам-издөө топтору экинчи кылмышкерди издеп, колго түшүрүүнүн үстүндө иштеп жатышат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *