Видео – Милиция: Жалал-Абадда таажывирус туралу жалган билдирүү тараткан адамга кылмыш иши козголду

Кечээ, 21-март күнү «WhatsApp» социалдык тармагы аркылуу белгисиз автор Жалал-Абад областынын аймагында таажывирус илдети боюнча абал курч экендигин жарыялаган. Ал өзүнүн үн жазуусунда ооруканалардагы дарыгерлер медициналык беткап жана тиешелүү каражаттар жетишпегендиктен жумуш ордуларын таштап кетип жатышкандыгын, Сузак районундагы карантинге алынган аймактан бейтаптар качып чыгып кетишкендигин жана оорулуулардын саны көбөйүп кетээрин билдирген. Ошондой эле бул үн жазууну «WhatsApp» социалдык тармагы аркылуу группаларга жайылтууну жана КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине жеткирүүнү белгилеген. Ал мунун себеби катары Жалал-Абад областында коронавирус боюнча маалыматтар так берилбей, жаап-жашырылып жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 344-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Бул фактынын бетин ачуу максатында кечиктирилгис чаралар көрүлүп, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иштердин натыйжасында аталган үн жазууну жаздырып, таратып жиберген атуул Жалал-Абад шаарынын тургуну 1980-ж.т. Шаимкулов Кубаныч экендиги аныкталып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жалал-Абад ШИИБне өткөрүлүп берилген.

Учурда Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, жарандарга жалган такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болуу керектигин эскертебиз.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *