Видео – Мирлан Бакиров: “Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдык маарекеси жогорку деӊгээлде белгилениши керек ”

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда вице-спикер Мирлан Бакиров кинорежиссер Дооронбек Садырбаевдин тарткан кинофильдердин жумалыгын жарыялоону сунуштады.

“Белгилүү кинорежиссер, жазуучу, Кыргыз эл Баатыры, КРнын эл артисти, мамлекеттик жана коомдук ишмер  Дооронбек Садырбаев быйыл 80 жашка чыкмак. Ал кыргыз парламентинин ׀׀׀ чакырылышынын депутаты болуп, парламентаризмдин өнүгүшүнө жана улуттук маданиятыбыздын өнүгүшүнө өз салымын кошкон. Ошондуктан, өлкө аймагында Садырбаев тарткан тасмалардын жумалыгын жарыяласак туура болмок. Ал 70 даректүү фильмдин, 16 көркөм жана телефильмдердин, 7 прозалык, поэтикалык, публицистикалык китептин автору. Мындан сырткары, көркөм тасмалары эл аралык жана бүткүл союздук фестивалдардын жеӊүүчүсү болгон.  Дооронбек агабыздын 80 жылдык маарекеси жогорку деӊгээлде белгилениши керек” – дейт депутат.

Булак:KyrgyzToday

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *