Видео – Мирзиёевдин кыздары орусиялык ырчынын концертине демөөрчүлүк кылышты

1-октябрда Ташкенттеги Humo муз сарайында орусиялык ырчы Полина Гагаринанын концерти өтүп, ага он миңдей көрүүчү келди.

Социалдык түйүн колдонуучулары концерттин өзүн эмес, андан кийин уюштурулган банкетти кызуу талкууга алышты.

Банкет учурунда тартылып алынган видеожазууда Гагарина менен бирге өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин кыздары – Саида жана Шахноза «Обезоружена» ырын хор менен ырдаганын көрүүгө болот. Банкет Humo сарайынын VIP-залдарынын биринде өткөн.

Ижтимоий тармоқларда тарқаган бу видео қатор саволларни туғдирди

Ижтимоий тармоқларда тарқаган бу видео қатор саволларни туғдирди. Унда президент Мирзиëевнинг қизлари Саида ва Шаҳноза Мирзиëева, уларнинг шрлари – Ойбек Турсунов ва Отабек Умаров, шунингдек, россиялик қўшиқчи Полина Гагаринанинг директори Андрей Мухачëв жамоатчиликка яхши таниш шахслар. Айни пайтда, жорий биринчи оила қиз ва куëвлари даврасида маишат қилаëтган бошқалар кимлигини кўпчиликка маълум эмас. Сиз уларни танийсизми? Полина Гагаринанинг Тошкентдаги концертини уюштирган Madina's star company ҳақида нималар биласиз? Бу компания эгалари кимлар? Россияликлар ва русийзабонлар орасида танилган бу қўшиқчини Тошкентга олиб келишга бош-қош бўлганлар ким?

Опубликовано Ozodlik Radiosi Среда, 2 октября 2019 г.

Саида Мирзиёева – өзбек өкмөтүнүн башкы имиджмейкери, Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин директорунун орун басары.

Президенттин кичүү кызы Шахноза Мирзиёева – Мектепке чейинки билим берүү министрлигинин башкы башкармалыгынын башчысы.

Орусиялык ычынын концертине «Капиталбанк» демөөрчүлүк кылган.

«Эркин Европа» өзбек кызматынын өкмөттөгү өз булактары билдиргендей, «Капиталбанк» коммерциялык банкынын акцияларынын көбү Мирзиёевдин тун күйөө баласы Ойбек Турсуновго таандык.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *