Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Видео — Митингге катышкан Жанар Акаев бутунан жаракат алды
Видео Коом

Видео – Митингге катышкан Жанар Акаев бутунан жаракат алды

Учурда Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, митингге чыккан элди күч менен таркатуу уланууда.

Социалдык тармактарда, “Ата Мекен” партиясынын лидери Жанар Акаев жарадар болгону тууралуу видеотасма тарады. Видеодон ал бир бутунан аксап басканы, оң бутунан жаракат болгону көрүнөт.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал резина октон бутунан жаракат алган.

Милиция кызматкерлери митингчилерди сүрүп чыгарууда. Ала-Тоо аянты тазаланып, митингчилер Киев көчөсүнө өтүштү.

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады