Видео – Мухаммедкалый Абылгазиев, премьер-министр: “Бизде бүгүн мамлекетибизге, элибизге бир душман – бул вирус. Вирусту жеңсек…”

“Урматтуу мекендештер, бизде бүгүн бир душман, мамлекетибизге, элибизге бир душман – бул вирус. Вирусту жеңсек, а биз ишенебиз сөзсүз жеңебиз, жеңебиз биримдик менен, тартип менен жеңебиз”, – деп билдирди бүгүн, 22-мартта таажывирусуна каршы күрөш боюнча өткөрүлгөн өкмөттүк жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

“Бардыгыбыз айтып жатабыз муну, башка мамлекеттер, Кытай мамлекети мына 1,5 миллиард эли 11 миллион калкы бар шаарды тартип менен жеңишти. Тартип анан койгон талаптарды аткарышыбыз керек. Биримдүүлүк жана тартип менен жеңебиз, сөзсүз. Бизде эң кымбат – бул өмүр, адамдын өмүрү. Акча табылат, байлык табылат, а биздин элибиздин, жарандарыбыздын, ар бир адамдын өмүрү биз үчүн кымбат”, – деди Абылгазиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *