Видео – Мүсүркул Кабылбеков, саясат таанучу: “Кээ бир күчтөр коррупцияны шылтоолоп шантаж жасап, бийликти жарга такап жатат”

Белгилүү серепчи Мүсүркул Кабылбеков 5-каналга берген маегинде Матраимов, коррупцияга каршы күрөш, президенттин пат абалы ж.б. жөнүндө жеке пикирин билдирди:

“Ноябрь-декабрда болгон окуялар, дегеле Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар жөнүндө маалымат “Азаттыкка” чыккандан бери башталган чектен чыккан өзүмбилемдик, менимче, тынбай эле айтылып, атайын кызытып, ага басым жасалып, атайын эле бул тема тынчыбай турушуна аракеттер күч болуп жатат. Бул медиалык кагылыш, маалыматтык чабуул, менимче, 25-ноябрь менен 18-декабрдагы митингдер менен коштолду. Эч нерсе болбой туруп эле, социалдык тармактардын күчү менен аянтка эл чогулуп, болгондо да – жалаң шаардыктар чыкты, ошондон улам “балкондогулар” деген түшүнүк да пайда болду.

Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Менимче, бул маалыматтык уруш дале уланып келет, азыр бир аз тынчыгансып калды, бирок февралдан баштап кайра күчөйт, көкүнөт. Саясый тамыр жайган бул уруштун уландысын биз сөзсүз дагы көрөбүз, бирок ал медиалык формага өтөт. Бул коррупцияга каршы кууш багыттагы күрөш, бийликти шантаж кылып жатышат десем да болот, бул президентке да шантаж, аны бир жагын танда дегендей жарга такап алышты, кийинки митингдер менен лозунгдардын максаты да ушул эле болот. Алардын талабы – биз бардыгын билебиз, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимовго карата чара көрүлүп, камалышы керек экен… Президент түз жооп бергенден качып, улам сайын эле фактыларды сурап келет, ал жөндөн-жөн эле талапка баш ийип, далилсиз камоого бара албайт, бул түшүнүктүү.

Биринчиден, мындай матраимовдор эгемендүүлүк алгандан бери  көп эле болгон, алар азыр да бар, боло берет дагы. Эсибизде, “капчык”, “кошелек” аталгандар ар дайым болуп келген, алардын арасында Матраимов эч нерсеси менен айырмаланбайт – чектен ашкан зыянкечтигин же чектен чыккан суммаларын айтуу кыйын…

Менимче, сандарды ары-бери калчап, калың элдин мээсине куюп, манипуляция кылуу 30 жылдан бери келаткан чектен чыккан өзүмбилемдик болуп калды, бирде болбосо,  бирде ушинтип бүркүлүп сыртка чыгып калып жатат. Бирок бул ирет тенденцияга айланганы ачык көрүнүп калды, бийлик менен президентти мындай абалга такабаш керек, кандай чечим кабыл алышпасын, кандай варианты болбосун, аларды пат абалга алып келет.

Эгерде өлкө башчысы Матраимовго карата чечим кабыл алса –  кеп ал күнөөлүү же күнөөлүү эместигинде эмес – кандайдыр бир фактылар калкып чыгат… Чындыгында, алардын калкып чыкканы качан, бул тууралуу атүгүл Атамбаев Жээнбеков менен тирешип турганда айткан, бардыгы айтылган, бухгалтердин качып кеткенинен бери…

Мениче, Атамбаев анда эч кандай Американы деле ачкан жок, анткени бардыгы кандай болгондугун бардыгыбыз жакшы билебиз, Жээнбековдун шайлоодо таза утканына эч ким ишенмек да эмес. Бизде андай кылуу мүкүн эмес, Өмүрбек Бабанов болобу, башкасыбы, албетте, бардыгы каражат коротушту. Бирок азыркы учурда бийликке шантаж кылуу жүрүп жатат – буга жол бербеш керек…”

Видео:

Булак: 5 канал

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *