Видео – Нарынга келген Памирлик кыргыздарга Чоң-Алайга көчүү сунушу айтылды

Бүгүн, 22-майда Бишкекте “Памирлик кыргыздар. Кайрылмандар, алардын көйгөйлөрү жана чечүү жолдору” аттуу жыйын болуп өттү.
Жыйынга Нарынга көчүп келген Памирлик кыргыздар келип катышып, өз көйгөйлөрү менен бөлүшүштү.
Ошондой эле жыйынга КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү да келишип, кайрылмандардын суроолоруна жооп беришти.
КР Жогорку Кеңешинин депутаты Аида Исмаилова “Памирлик кыргыз боорлорубузду Нарынга көчүрүп келип алып, эми алар же үйү жок, же иши жок, таштандыга аралашып жашап жатканы уят. Биздеги кайрылмандар программабыз иштебей жатат”, деп билдирди.
КР Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нарында жайгашкан Памирлик кыргыздарга Чоң-Алайга көчүп жайгашууну сунуштады. “Чоң-Алайдын Сары-Моголунда 58 миң гектар болгон жайлоо азыр бош турат. Ал жерде убагында Курманжан Датка менен Алымбек Датка жашашкан. Мал багууга ыңгайлуу жер. Силер кышында малды талаага жайып багасыңар, ал жерде ошондой шарт бар. Тажикстандын Мургаб районундагы кыргыздар менен да кошуна болуп каласыңар. Силер алар менен кыз алып-беришкен туугандарсыңар. Алар да силер көчүп келсеңер кучак жайып тосуп алабыз деп жатышат”, – деди ал.


Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *