Видео – Назгүл Турдубаева, профессор: “Жусуп Мамайдын вариантында Жакыптын калмак экендиги улуту катары эмес, анын орой кулк-мүнөзү катары айтылган”

Кечээ, 12-июнда биздин редакцияга филология илимдеринин доктору, профессор Жылдыз Орозобекова келип, кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын вариантында Манас баатыр, тагыраак айтканда анын атасы Жакып улуту боюнча калмак болуп сүрөттөлөт деп ишендирген. Ага далил катары Жусуп Мамайдын Кытайда чыккан “Манас” китебинен:
“Хан Ногой калмак Жакыпты
Жактырып абдан калыптыр”
[Китептин 9-бетинде] деген сыяктуу бир нече саптарды мисалга тарткан.
Бүгүн, 13-июнда филология илимдеринин кандидаты, профессор Назгүл Турдубаева келип, Жусуп Мамайдын вариантында айтылган Жакыптын калмак экендиги улуту катары эмес, анын орой кулк-мүнөзү катары айтылган деп ишендирди. Калганына өзүңүздөр видеотасмадан күбө болуңуздар.


Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *