Видео – ӨКМ: Обсервацияларда жаткан жарандарга күнүнө 3 маал ысык тамак-аш берилип жатат

Өлкөнүн аймагындагы обсервацияларында жайгашкан жарандарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан күнүгө 3 маал ысык тамак-аш берилип келет.

Министрликтин маалыматы боюнча, тамак-аштар бир жолку колдонуучу пластик идиштерге салынып, үстү плёнка менен жабылып берилет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, чет өлкөдөн келген жарандардан коронавирусту аныктоочу ПЧР-тест алынып, карантиндик зонада болушат. Мындан сырткары, коронавируска чалдыккан бейтаптар менен тыгыз байланышта болгон жактар дагы обсервацияга жаткырылат.

Обсервацияда жайларын даярдоо, ал жактагы адамдарды тамак-аш менен камсыздоо милдети Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлгөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1207 адамдан коронавирус табылган. 898 адам оорудан сакайып ооруканадан чыгарылган. 14 жаран илдеттен улам каза тапкан. Обсервацияларда 2175 адам жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *