Видео – Өмүрбек Текебаев: “Америкалыктардын иликтөөлөрү боюнча Раим Матраимов алдыңкы 10 саясатчынын катарына кирип калыптыр, бул элдин оң пикири”

Биз кечээ, 11-мартта Өмүрбек Текебаевдин “Марал” радиосунун алып баруучусу Майраш Базлакуновага берген интервьюсунда Раим Матраимов тууралу айткандарынын текстин кыскартып жарыяласак, өзүнүкүнөн башканы чын көрбөгөн айрым такыбалар “бул калп, Текебаев минтип айтпайт эле, видеосун көрсөткүлө” деп кайрылып жатышат. “Марал” радиосун бийик деңгээлге көтөргөн журналист Майраш Базлакунова азыр ал жерде иштейби же жокпу, тактай албадык. Бирок окурмандардын суранычын канааттандырыш үчүн биз Майраш Базлакунованын Ютубканалынан Текебаевдин интервьюсун таап, эки үзүндүсүн жарыялайбыз:

“2019-жылдын жыйынтыгында Америкалыктар жүргүзгөн иликтөө боюнча Раим Матраимов биринчи жолу саясатчылардын катарына 14% ишеним менен Кыргызстандагы алдыңкы 10 саясатчынын катарына кирип калыптыр”, – деп билдирди “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Марал радиосунун редактору Майраш Базлакуновага берген маегинде.

“Эми келе жаткан шайлоолордун жыйынтыгы боюнча алардын кыргыз саясатына таасири канча экенин айта алабыз. Бул Америкалыктардын изилдөөсүндөгү жыйынтыкты иш жүзүндө конвертациялоо керек. Конвертациялоонун бир жолу – бул депутаттык мандат алуу. Мандатың болсо трибунаң болот, бийликке түз таасир эте аласың. Азырынча бул рейтинг, элдин пикири. Элдин бир бөлүгүнүн оң пикири. Аны инструментке айландырыш керек – бийликке.”, – деди Текебаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *