Видео – Өмүрбек Текебаев: “Мен Акаев, Бакиев менен да күрөшкөм, бирок алар Атамбаев сыяктуу трайбализм деңгээлине түшүшкөн эмес, жердештерин же аялдарды саясый оппоненттерине каршы тукурган эмес”

Бүгүн, 19-сентябрда “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын өткөрүп, Атамбаевдин саясый күрөштө оппоненттерине каршы жердештерин, аялдарды тукуруп колдонуп жаткандыгын айыптады.

“Мен Акаев менен Бакиев менен да күрөшкөм, бирок алар Атамбаев сыяктуу пас деңгээлге түшүшкөн эмес. Акаев менен Бакиев эч качан жердештерин же аялдар менен балдарды өзүнүн саясый оппоненттерине каршы тукуруп, пайдаланган эмес. Атамбаев элди экиге бөлүп, бири-бирине кайраштырып жатат. Атамбаевдин кылганы бул трайбализм”, – деди Текебаев

Видео: azattyk

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *