Видео – Өмүрбек Текебаев шайлоодогу коррупция менен күрөшүүнүн эң жөнөкөй жолун айтып берди

Экс-депутат Өмүрбек Текебаев шайлоо учурундагы добуштарды акчага сатып алуудагы коррупция менен күрөшүүнүн эң жөнөкөй жана эффективдүү жолун айтып берди.

“Коррупция – социалдык кубулуш. Коррупциянын болушуна элдин пикири, элдин ниети абдан чоң. 2015-жылы акылдуу урналар ишке киргенде, мен: “Акылдуу урналар шайлоо участкасындагы коррупцияны көчөгө айдап чыгат” деп айткам. Мурун шайлоо комиссияларына акча берсе, азыр шайлоочуларга берип калды. Мунун болуп көрбөгөндөй масштабы 2015-жылкы шайлоодо байкалды. 90-жылдары  айласы кеткенде Акаев: “Шайлоодо берген акчаларды ала бергиле, кабинага киргенде өзүңөр каалаганга добуш бере бергиле” деп айткан. Кечээ шайлоочулардын арасындагы коррупцияны токтотуш үчүн депутат Алтынбек Сулайманов: “Добушуңарды 1000 сомго сатпагыла, 20 000 миң сомго саткыла” деген сунушун киргизди. Анда “баркыңарды билгиле”, “аз акчага өлкөнүн келечегин сатпагыла”, “көптү сурасаңар депутат болом дегендердин акчасы да жетпей калат, ошентип коррупция токтойт” деген ниет менен айтылган сөз” – деди экс-депутат.

Өмүрбек Текебаев коррупция менен бүтүндөй коомчулук күрөшүш керектигин айтып, мунун радикалдуу жолу бар экенин айтты. Эгерде ал бийликте болуп, таасирдүү болсо эмне кылаарын айтып берди.

“Бардыгы акчаларын чачып, баары шайлоого катышканда, шайлоодогу бүт кемчиликтерин каттап турмакпыз. Шайлоо бүткөндөн кийин кемчиликтердин баарын элге жарыялап, шайлоо таза болбой калды, мыйзамга ылайык шайлоо жокко чыгыш керек, шайлоо кайрадан болот деп акча чачкандарды эки жолу күйгүзсөм, алар акча чачкандан чочуп калышат. Бул жазалоонун эң оңой жолу. Акча чачкандар бир-эки жолу күйгөндөн кийин ойлонуп калат. БШК, укук коргоо органдарынын жетекчилери, президент, премьер-министр принципиалдуу болсо, таза эмес шайлоону даро жокко чыгарыш керек” – деп коррупция менен күрөшүүнүн жөнөкөй, радикалдуу жана эффективдүү жолун айтып берди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *