Видео – Орус элчилиги адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын себебин иликтейт

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги дипломатиялык миссиянын кызматкеринин катышуусунда болгон жол кырсыгынын жагдайларын иликтөөнү убадалады.

“Эчиликтин биринчи катчысы Виктор Пуховдун катышуусу менен болгон жол кырсыгынын себептерин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө башталды. Бардык жагдайлар, анын ичинде кызматкердин авария маалындагы физикалык абалы дагы текшерилет “, – деп билдирди “Интерфакс” агенттигине Орусия элчилигинин пресс-атташеси Дарья Пахомова. Ал ошондой эле аварияда курман болгон кыргыз жаранынын жакындарына материалдык жардам көрсөтүлөрүн дагы кошумчалады.

Жол кырсыгы 16-февралда Бишкектеги Фучик көчөсүндө болгон. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү унаасы “Мерседес-Спринтер” жүк ташуучу унаасын келип сүзгөн. Кырсыктан “Мерседестин” 62 жаштагы айдоочусу өтө оор абалда ооруканага түшүп, өзүнө келбей каза болгон.

Тергөө иштери жүрүүдө, техникалык экспертиза дайындалды. Айрым маалымат каражаттары күбөлөргө шилтеме берип билдиришкендей, Орусия элчилигинин унаасы кызыл жарыкка карабай, жол кесилишинен өтүп барып “Мерседес” унаасын сүзгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *