Видео – Ош шаарындагы көмүскө казинонун алдынан эки журналистке кол салуунун толук версиясы

Бүгүн, 13-майда Ош шаарында көмүскө иш жүргүзгөн кумаркана катары сөз болгон мекемени тартып жаткан учурда «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков менен “Нур ТВ” телеканалынын кабарчысы Даткабек Шабданбек уулу сабалды. Ыдырыс Исаковдун бети, колу тытылып, кийими айрылган. Аталган жайга милиция кызматкерлери келип, журналистке кол салгандар кармалганы кабарланды.

Ушул эле окуяда «Нур» телеканалынын кабарчысы Даткабек Шабданбек уулу да ыдык көргөн. Кабарчынын айтымында, кумаркана болушу ыктымал деген клубдун күзөтчүлөрү анын колун кайрып, телефонундагы видеолорду өчүрүп салышкан.

Исаков менен Даткабек Шабданбек уулу Ош шаарында «Делюкс» мейманканасынын капталында жайгашкан, аты жок кумаркананы тартууга барган. Бул тууралуу ири суммада акчасын уттурган баланын ата-энеси кайрылып, 2017-жылдан бери кумаркана иштеп жатканын билдиришкен. Жабыркаган тараптын маалыматына караганда, баласы 2017-жылдан бери 50 миң доллардай акчасын уттурган. Алар уттурган акчаны кайтарып берүүнү талап кылып жатышат. Маселе чечилбесе президентке да кайрылышарын Ыдырыс Исаковдун «Фейсбук» баракчасындагы түз берүүсүндө билдиришти.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган. Тыюу салынганына карабай, кумар оюндары Интернет аркылуу ойнолуп жатканын Жогорку Кеңеш депутаттары айтып келишет.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *