Видео – Ошто бандиттер Бабановдун тарапкерин сабашып, кыйноого алышкан

Бүгүн, 3-октябрда Ош шаарынын тургуну төбө чачты тик тургузган билдирүү жасады. Дурбек Алимжанов президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго каршы уюштурулган чагымчылдык тууралуу маалыматты ачыктады.
Анын айтымында, беш киши аны ээн жерге алып чыгып, мык суургуч менен уруп-сабап, желим ок менен атып, кыйноого алып, Өмүрбек Бабановду каралаган жалган сөздөрдү айттырып, аны телефондоруна тартып алышкан. Ошондой эле, Алимжановго Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө бир сутка убакыт беришкен.
Бирок акыйкат издеген жаран журналисттерге кайрылып окуянын чоо жайын айтып берди. Ал тартип сактоо органдарына арыз жазып, президенттен тиешелүү чараларды көрүүнү суранды.

1 ой-пикир

  • Тенизбай says:

    Шоопурдун кылганы, Сооронбайды ушинтип элге жаман корсотосунор, Соке сени биз колдойбуз, тез арада бандиттерди таап жазалатбасан, сага кара коо болот.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *