Видео – Ошто Мамдирекция курган үйлөрдү бири кулаганы турат, 300 адамдын өмүрү коркунучта

Ош шаарындагы көзү азиздер жана дүлөйлөргө берилген көп кабаттуу үйдүн пайдубалы чөгүп кетти. Бул тууралуу жашоочулар билдирди.

Алардын айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелүү тургундарга бир жумадан бери эч ким жардам бербей жатат. Шаардык мэрияга кайрылышса, курулушту аткарган “Софари” компаниясы оңдоп берет деген.

“Софаринин” жетекчиси жашоочулардан окуя тууралуу эч кимге айтпай турууну суранып кеткен бойдон дайынсыз. Азыр авариялык үйдө күн кечирип жаткан 300гө жакын адамдын өмүрү коркунучта турат.

https://youtu.be/GihxwC_wj9o

Булак: yntymak

1 ой-пикир

  • Азат says:

    Колдорунан “пок” келбеген акмактар бүт куруучу болуп кетишкен, бул “Софари” деген фирма “көчө баласы”, сабатсыз депутат сөрөй А.Сулаймаовго караштуу, Оштогу жаңы көпүрөнү дагы ошо фирма курган, көпүрө бүттү дегенден бери сегиз ай ичинде төрт жолу ремонт болду, Кыргызстандагы азыркы башаламан бийликтин ушундай халтура иштерден башка колдорунан эч нерсе келбейт, кечээ АША өзү айтмакчы пок басып жүрө беришет, өздөрү жоголмоюнча.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *