Видео – Өзгөчө абал жарыяланган аймактарга аскерлер киргизилет, кечки саат 8ден таңкы саат 7ге чейин кыймыл токтотулат

Эртең, 25-марттан тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна Өзгөчө абал жарыяланды. Бул аймактарда кечки саат 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилет. Бул убакытта жарандардын жана унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат. Бул тууралу бүгүн, 24-мартта онлайн-брифингде Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Дүйшенбиев билдирди.

Борбор каалаанын жана Өзгөчө абал режими киргизилген аймактардын меймандары бүгүн түнкү саат он экиге чейин аталган аймактардан чыгып кетүүсү керек. Өзгөчө абал жарыяланган аймактарга аскерлер, куралдуу күчтөр киргизилет.

Бишкек шаарынын коменданты болуп Ички иштер министринин орун басары Орозалиев Алмазбек дайындалды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *