Видео – Өзүн Мухаммед пайгамбардын мураскери Махди атаган Мээрим

33 жаштагы Мээрим Черикбаева өзүн дүйнө издеген Махди деп атайт. Бул тууралу ал бүгүн, 19-сентябрда болгон маалымат жыйыыннда өзү билдирди.

Ал 8 жыл мурда ооруп калган. Дарыгерлер анын оорусун так айта алышкан эмес. Ошондон тарта иштеп, элдер менен сүйлөшө албай калган.

Анын айтканына таянсак, 2015-жылы түшүндө чекесине “Махди” деп жазып, кара, чоң мөөр коюп кеткен.

“Бул мөөр менен ошол убакыттан бери жүрөм. Мурда намаз окучумун, бирок ошол түштөн кийин окубай калдым. Намаз окуп жүргөнүмдө чекемде нур бар болчу, азыр ал жок”, – деп айтты Мээрим Черикбаева.

Айтымында Махдинин айынан 8 жылдан бери жалгыздыкта жашайт. Элдерге жакындаса көз тиет.

Мындан тышкары: “Мен мындан ары жашырына албайм. Менин милдетим айтуу. Башка Махди болбойт”, – деди ал.

Махди – бул акыр заман келерде пайда болуучу Мухаммед пайгамбардын мураскери.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *