Видео – Президент Сооронбай Жээнбеков “Өлбөс-өчпөс полктун” жүрүшүнө катышууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда, Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгына карата Бишкек шаарында өтүп жаткан «Өлбөс-өчпөс полктун» жүрүшүнө катышууда.
Мамлекет башчысы чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтү менен чыкты.
Президент Сооронбай Жээнбеков бул күнү келечек үчүн өмүрүн арнаган аталардын, чоң аталардын элесине таазим этүү менен бүгүнкү жүрүш алардын өлбөс-өчпөс эрдигине арналаарын белгиледи жана дүйнөдө тынчтык, элибизге ынтымак, аманчылык каалады.
Эске салсак, Президент Жээнбеков өткөн жылы дагы «Өлбөс-өчпөс полктун» жүрүшүнө катышкан.
Бул акциядан кийин Мамлекет башчысы Жеңиш аянтындагы митинг-реквиемге катышат.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *