Видео – Президенттикке талапкер Элдар Абакиров шайлоонун жыйынтыгы боюнча өз оюн билдирди

Президенттикке талапкер Элдар Абакиров кезексиз президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча комментарий берди. Абакиров расмий билдирүүсүн Фейсбук социалдык баракчасында жарыялаган.

«Урматтуу Кыргызстандыктар, шайлоо бүттү. Мен үчүн ар бир добуш маанилүү эмес, мен үчүн ар бир адамдын өзүнүн көз карашы маанилүү. Менин атаандаштарым башка талапкерлер эмес, алар экономикалык кризис, жумушсуздук, жакырчылык. Бул жерде чыныгы күрөш болот. Кыргызстан боюнча менин командам эң жакшы деп эсептейм. Ушул шайлоодо мени колдогондор, мага добуш бергендер – алар жакшы жашоону каалагандар. Алдыда дагы көптөгөн жумуштарды кылабыз», – деди ал.

Белгилей кетсек, президенттикке талапкер Элдар Абакиров шайлоода 0,5% добушка ээ болду.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *