Видео – Профсоюз мүчөлөрү төрагасы Мирбек Асанакуновго жана анын депутат аялына каршы митингге чыгышты

Бүгүн, 13 майда Жогорку соттун жана Профсоюздар үйүнүн алдында профсоюз мүчөлөрүнүн эки митинги болуп өттү. Митингдин катышуучулары 25-апрелдеги Жогорку соттун чечими процедуралык нормаларга туура келбеген, «ыкчам» өкүм деп нааразычылык акциясына чыгышты.

Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соттору Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов жасалма документтер менен мыйзамсыз кызмат ордун ээлеп олтурат деп өкүм чыгарышкан. Ал чечимдерди Жогорку сот бир күндө токтоткон.

“Жогорку сотко профсоюз уюмунун төрагасы болуп мыйзамсыз шайланган Асанакунов Мирбек депутат аялы аркылуу басым кылып, соттун ишине таасир этишип, өз кызыкчылыгына сотторду иштетип жатышат”,- дейт митингдин катышуучусу Венера Меймандиева.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *