Видео – Раим Матраимов атасынын тоюна премьер-министр Темир Сариев менен Илмияновду Атамбаев өзү жөнөтүп жүргөнүн эсине салды

КР Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Раим Матраимов кечээ, 13-майда экс-президент Алмаз Атамбаевге кайрылуусунда анын атасынын тоюна ошол кездеги премьер-министр Сариев менен кеңешчиси Илмияновду Кара-Сууга Атамбаев өзү жөнөтүп жүргөнүн эсине салды:

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Өткөн аптада кичи мекеним болгон Кара Суу районунда маркум Исмаил атабыздын жаркын элесине арнап, көп жылдан бери үй-бүлөлүк салтыбызга айланып калган спорттук чоң иш-чаранын өтүшүнөн кийин, бир катар сизге таандык болгон жана сиз менен тилектеш айрым массалык маалымат каражаттарынын коомчулукка бир беткей каралоолору түрткү берди…

Анткен сайын сиз адамкерчилик чектен ашып, токтобой баратасыз. Ачык айтып, баса белгилегим келет. Сиздин алты жылдык президенттик бийлигиңиздин тушунда деле атабыздын элесине арналган жогорудагы турнир тынымсыз өтүп келген. Эсиңизге салсам, убактыңыз тартыш болуп, ордуңузга премьер-министр баштап, эң жакын кишиңиз Икрам Илмиянов досум коштогон командаңыздагы жоон топ адамдарды өзүңүз жөнөтүп жүрбөдүңүз беле…

Раим Матраимов

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *