Видео – Роза Отунбаева, экс-президент: “Айылдыктар, маданиятыңарды көтөргүлө, “заманбап искусство” деген бар, биз силердин деңгээлиңерге түшө албайбыз”

Бүгүн, 3-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу» аттуу китебинин бет ачарынын ачылыш аземи Бишкек шаарындагы “Дамас” отелинде болуп өттү. Ага ЖКнын «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары, КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков, мурдагы депутаттар, коомдук ишмерлер жана экс-президент Роза Отунбаева барды.

Роза Отунбаева алгач Өмүрбек Текебаев тууралуу сүйлөп баштап, аягында Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачеванын кызматтан алынышына боюнча айтып, ачууланып, ага депутаттар реакция кылбаганын баса белгиледи. “Кечээ музейге барбай туруп, үч-төрт бала келип, жаш министрди коркутуп, музейдин директорун алып салышты. Парламент, каякты карап жатасыңар? Жогорку Кеңеште социалдык маселелерди караган комитет бар. Сурап койбойсуңарбы, министрди, вицепремьерминистрди, керек болсо премьерминистрди сурап койбойсуңарбы. Музейдин директору эмне себептен кызматтан алынды? Тажрыйбалуу адисти кызматтан алып салышты. Уккулачы, урбанизация жүрүп жатат, шаардын жарымы айылдыктар болду, биз алардын денгээлине түшұп, артка кете албайбыз! Айылдыктар, кичине маданиятыңарды көтөргүлө!»,- деди «шаардык кыз» Роза Отунбаева. “Мырк” деп да айтып жиберди.

Экс-президенттин сөзүн кубаттап, кол чаап жибергендер да болду. Кыязы “шаардыктар” чапты окшойт. Эми Роза Отунбаева маданиятты сүйлөп атат, өзүнүн маданияты кайда калды? Ал “мырк”, “айылдыктар”, “музейдин жытын да билбегендер”,-деп адамды кемсинтип атат. Аларда өз пикирин айтууга укугу бар да. Кыскасы, Отунбаева Атамбаевдей болуп “балп” этти.

Роза Отунбаеванын айткандарын толугу менен төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган иш-чара 17 күнгө созулмак. Ал кечээ, 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен убактылуу токтотулган жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулган. Ал иш-чарадагы жат көрүнүштөргө каршы акцияны 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында уюштурган. Аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирип, бул боюнча жумушчу топ түзүлүп текшерилээрин жана убактылуу токтотулаарын билдирген. Бүгүн, 3-декабрда министр Азамат Жаманкулов жат көрүнүшү жок феминнале улана турганын билдирди. Ага чейин ал тууралуу Роза Отунбаева оюн айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *