Видео – Садык Шер-Нияз: “Дача СУдагы авиакырсыктан жабыркаган жүк ээсине $36 млн компенсация, ал эми каза болгон 45 адамга $600 миң гана төлөп беришкен”

Кечээ, 21-апрелде “Ата-Мекен” фракциясынын кезектеги жыйынында Соорнбай Жээнбеков жетектеген КР Өкмөтүнүн 2016-жылдагы аткарган иштери боюнча  отчету угулган. Депутат Садык Шер-Нияз жыйындын жүрүшүндө Өкмөт мүчөлөрүнүн ишин сынга алып, 16-январда болгон авиакырсыкка байланыштуу жасап жаткан Өкмөттүн иштери канааттандырарлык эмес экенин айтты.

“Дача СУдагы авиакырсыктан жабыркаган жүк ээсине 36 миллион доллар компенсация төлөп беришкен, ал эми каза болгон 45 адамга болгону 600 миң гана доллар которушкан. Ошондо жүктүн баасы 45 адамдын өмүрүнө караганда алда канча кымбат турабы? Биздин жапа чеккен ар бир жаранга канча доллардан компенсация өндүрүп бергени жатасыңар?”, – деп сурады депутат Садык Шер-Нияз Транспорт жана жол министри Жамшит Калиловдон.

“Жүктүн ээси товарын алдын-ала камсыздандырып койгон экен, ошондуктан 36 миллион доллар алды. Ал эми биздин жарандардын өмүрү камсыздандырылбаган. Ошондуктан азырынча алгачкы транш катары 600 миң доллар төлөп беришти. Бирок, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Канчадан өндүрө аларыбызды азыр айта албайм”, – деп жооп берди Калилов.

“Эгерде биздин жарандар самолетко жүргүнчү болуп түшкөндө өз өмүрлөрүн камсыздандырышмак. Алар өз үйлөрүндө бейкапар уктап жатканда үстүлөрүнө самолет кулап түшүп жатпайбы?  Мындай учурда өкмөт ар бир жапа чеккен жаранга мүмкүн болушунча чоң компенсация өндүрүп бериши зарыл.  Германияда 50 миңден болсо Америкада жапа чеккен ар бир адам үчүн 600 миң доллардан компенсация төлөп беришет экен. Силер ар бир жапа чеккен кыргыз жараны үчүн мынча доллардан компенсация өндүрүп беребиз деген максатыңар алигиче жок болсо, максатсыз эмнеге жетишмек элеңер? – деди депутат.

“Комитеттин жыйынында Транспорт министринин орун басары “Жүк ээсине 36 миллион доллар компенсация төлөндү, дагы 20 миллион доллар төлөө жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми каза болгондор менен жапа чеккен жарандарга 600 миң доллар төлөп беришти. Ушуну менен бүтөт го, ошого баратат” деген. Ошондуктан биз бул маселени көтөрүп жатабыз”, – деди фракция лидери Алманбет Шыкмаматов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

4 comments

  • Sulayman Kayıpov says:

    Ошондо жүктүн ээси ким болуп чыкты, aчык aйтпaйсыңaрбы, куйтуңдaбaй. 35 млн доллaр деген суммa бир нерселерди эске сaлып жaтaт…

  • Алмазбек says:

    Деги жуктун ээси ким экен? Мумкун ошондон бир нерсе алса болобу жабыркагандар учун?

  • Бектур says:

    Чын эле жүктүн ээси ким экен?

  • Sulayman K. says:

    Илгери бироо аргасы куруганда “Эжеме жездем жарашкан ” деп ыйлаган экен. Анын сынарындай, биздин оппозициябыз менен позициябыз бири-бирине куп жарашкан да. Айта турган соз турса… Болуптур эми, ЖУКТУН ЭЭСИ КИМ ЭКЕН? Желмогуз болсо да атын айтып койбойсунарбы?

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *