Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Видео — Садык-Шер-Нияз: «Мен депутат болуш үчүн тыйын жагынан уттурдум, 300 миң доллар сарптадым»
Саясат

Видео – Садык-Шер-Нияз: “Мен депутат болуш үчүн тыйын жагынан уттурдум, 300 миң доллар сарптадым”

“Мен депутат болуш үчүн тыйын жагынан уттурдум, 300 миң доллар сарптадым”. Бул тууралуу Садык-Шер-Нияз Фейсбук баракчасында билдирди.

“Мен Жогорку Кеңештин депутаттыгынын мандатын тапшырганы бара жатам. Мени кубандырганы үй-бүлөөмдүн колдоосу. ЖКнын депутаты болуп эмне уттум, эмне уттурдум?. Тыйын жагынан келгенде уттурдум, 300 миң доллар сарптадым.

Мен сыймыктанам ушул парламентте Мыктыбек Абдылдаев, Өмүрбек Текебаев, Исхак Масалиев сыяктуу инсандар менен чогуу иштешип, баарлашканыма. Жогорку Кеңештен дос күттүм. Алар Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Эмил Токтошев. Кыйын учурда чогуу болдук”, – деди ал.

Ошондой эле Садык-Шер-Нияз саясатка кайра кайтып келиши мүмкүн экенин билдирди. Бирок башкача жол менен.

Мандатты тапшырганы баратам.

Опубликовано Sadyk Sher-Niyaz Понедельник, 12 октября 2020 г.

 

 

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт