Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Видео — Садыр Жапаров: «Менде Атамбаевдин жана башка күчтөрдүн аянттагы митингди пландаганы боюнча далилдер бар. Эми аларды коомчулукка чыгара баштайм»
Видео Саясат

Видео – Садыр Жапаров: “Менде Атамбаевдин жана башка күчтөрдүн аянттагы митингди пландаганы боюнча далилдер бар. Эми аларды коомчулукка чыгара баштайм”

“Урматтуу кыргызстандыктар, өлкөдө кырдаал абдан оор. 3 күндөн бери мени иштетпей, ар кайсы күчтөр биригип алып, ишиме тоскоолдук жаратып жатат. Колу-бутум тушалган бойдон турат, же аппарат иштебейт, же башка структуралар баш ийбейт” – деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кечээ Ала-Тоо аянтындагы башаламандыктан кийинки жасаган билдирүүсүндө.

“Мен Facebook баракчам аркылуу ошол күчтөргө кайрылуу жасагам, Бабанов, Атамбаев, Суваналиев, Руслан Казакбаев боюнча кайрылуу жазгам. Телефон сүйлөшүүлөрдүн бардыгы менин колума келип түшкөн. Ошондуктан, мен таңкы саат 5те “жаш балдар 2000, 5000 сомго алданбагыла, мамлекетти жоготуп албайлы” деп кайрылуу жасагам. Менде Атамбаев, Суваналиев жана башкалар бүгүнкү кырдаалды пландаштырган аудио жазуулар бар. Бүгүнтөн баштап мен аны чыгара баштайм”, – деп билдирди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-октябрда Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов, жана алардын тарапташтары “Форумдан” бери жөө келип, Ала-Тоо аянтына чогулуп, митинг өткөрүп жаткан. Ал кезде эски аянтка чогулган Садыр Жапаровдун колдоочулары борбордук аянтка келишип, ортодо башаламандык орун алып, таш ыргытылып, ызы-чуу чыкты. Жаш саясатчы Тилек Токтогазиев жана Темир Сариевдин жансакчысы жаракат алды. Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев отурган унаага ок атылганы белгилүү болгон.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт