Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Видео — Садыр Жапаровчу: “Президент баягы сөзүнөн, убадасынан кайтты, Садыр Жапаровду бийликтен кетиргени жатышат, эртең келгиле, Жапаровко президенттин да полномочиесин алып берели”
Коом

Видео – Садыр Жапаровчу: “Президент баягы сөзүнөн, убадасынан кайтты, Садыр Жапаровду бийликтен кетиргени жатышат, эртең келгиле, Жапаровко президенттин да полномочиесин алып берели”

“Садыр аба мыйзамдуу жол менен кетейин десе, булар “жумурткадан кыр чыгарып”,  10 күндөн бери иштетпей жатышат. Тиги Соке баягы эле Соке! Ал баягы сөзүнөн, убадасынан кайтты. Аны баарыбыз билебиз, ошону күткөнбүз”, – деп билдирди бүгүн, 13-октябрдын  түнүндө Садыр Жапаровдун колдоочусу Өкмөт үйүнөн, Садыр Жапаровдун жанынан чыгып.

“Урматтуу мекендештер! Мен Садыр Жапаровдун өзүнө жолугуп, сүйлөшүп чыктым. Эртең саат 12:00де, Бишкек шаарында, Эски аянтта Садыр Жапаровдун колдоочулары чогулат. Келиңиздер, Садыр Жапаровду колдойлу. Булар иштеткидей эмес. Бул жүзүкаралар иштеткидей эмес. Келип туруп, ушуга “до конца” туруп коёлучу.  Садыр Жапаровко тактыны карматалычы! Премьер-министрликти алды, эми Президенттин полномочиесин алып туруп берели.  Буларды ошого “вынуждат” этели. Силер келбесеңер булар моюн сунбай жатат. Келип бергилечи, булар моюн сунбай жатат. Эл тарап кетти деп эле олтурат. Биякта эл кылкылдап күтүп олтурганы менен иши жок. Чыныгы жүзүн көрдүңөрбү. Жанагы Жанар Акаев менен Канат Исаевдин чыныгы жүзүн көрдүңөрбү. Булардын кыргыз элине жакшылык кыла турган ою жок. Кайра мыйзам талаасына салып туруп, Садыр Жапаровду премьерликтен түшүргөнү жатат булар.  Бийликтен кулатканы жатышат…  Ага биз жол бербейбиз!   Келиңиздер, эртең, 14-октябрда саат 12:00де Эски аянтка келиңиздер, Садыр Жапаров үчүн туруп берели!” – деп чакырды Садыр Жапаровду колдоочулардын бири.

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады