Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Видео — Садыр Жапаровчулар: «Сооронбай Шарипович, өтө жаман болуп каласың! Сөөгүң көмүлбөй калат! Жанчылып калат! Арматура менен жанчып таштайбыз!»
Видео КООМ

Видео – Садыр Жапаровчулар: “Сооронбай Шарипович, өтө жаман болуп каласың! Сөөгүң көмүлбөй калат! Жанчылып калат! Арматура менен жанчып таштайбыз!”

“Бүгүн саат бир-экилерде Жогорку Кеңеште премьер-министрдин маселесин карашат экен.  Биз Садыр Жапаровду премьер-министрликке олтургузмайынча эч жакка жылбайбыз. Туугандар, кайра келгиле, булар кылтыйып, кайра башын көтөрүп жатышат”, – деп билдирди Садыр Жапаровдун тарапташтарынын бири Өкмөт үйүнүн алдында достору менен туруп жана бул видеотасманы эл арасына кеңири таратууну суранып. Анын фонунда Садыр Жапаровдун өз тарапташтарынын алдында сүйлөп жаткан үнү угулуп турду.

“Кечинде 4 БТРди чыгарып, бизди коркутканы жатат. Биз коркпойбуз, 4 БТР кайра өзүңөрдү тебелейт. Ээ достор, мекенчилдер, патриоттор, бири-бириңерге мына ушул “голосовойду” жөнөткүлө, эл баары эски площадга келгиле, чогулалы, Садыр Жапаровду колдогондор эски площадга чогулалы. Келгиле, булар кыйшыйып кетпесин, булардын ниетин билесиңер да, булар шайтандап калган немелер ниети ойноктоп турат. Бүгүн “до конца” турабыз, Садыр Жапаров премьер-министр болмоюнча, Сооронбай Шарипович өз ыйгарым укуктарын тапшырмайынча турганыбыз турган. Биз жакшылыкча суранып жатабыз, мусулманбыз, биздин колубуздан жана тилибизден бирөө зыян тартпаш керек. Биз кыргыз элинин акысын талашып келдик бул жерге, ушунча ичип-жедиңер, кыргыз элин тонодуңар, болду токтоткула. Калган маселени Садыр чечет. Садыр силердей эмес, Садыр өз ырайымын алат,” – деди  Жапаровдун тарапкери.

“Эй чиновниктер, мурунку депутаттар, тереңирээк ойлонгула, акыры ушул жерге жатасыңарбы? Сөөгүңөр көмүлөбү?” – деди  Жапаровдун тарапкери депутаттар менен чиновниктерге кайрылып.

“Сооронбай Шарипович, көзүндү ач! Алдагы 4 БТР менен сүр көргөзбө! Эгер Садырдын армиясын көтөрө турган болсок, эгер Садырдын жоокерлерин көтөрө турган болсок, Сооронбай Шарипович, өтө жаман болуп каласың!  Жаман болуп каласың! Атаңдын күмбөзүнө келип, куран окута албай каласын. Сөөгүң көмүлбөй калат! Жанчылып калат! Арматура менен жанчып таштайбыз! Ошон үчүн көзүңөрдү ачкыла! Эй, ушул видео менен бүт бөлүшкүлө! Келгиле бул жакка, площадга, чогулгула, кайра кыйшаңдап башташты. Турабыз “до конца”! Садыр Жапаровду колдойбуз!”, – деп аяктады өз чакырыгын Садыр Жапаровдун колдоочулары.

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады