Видео – Сагынбек Абдракманов: “Жер үйдөгү” коррупциянын бетинин ачылышына депутаттар Мирлан Жээнчороев, Кенжебек Бокоевдер да кызыкдар эмес, ошондуктан буларды прокуратурага бериш керек”

“Жер үй” алтын кенинин сатылышы – бул мафиялык-криминалдык коррупция”, – деп билдирди бүгүн, 9-мартта Бишкекте “Жер үй” алтын кени боюнча түзүлгөн Элдик комиссиянын отурумунда эксперт Орозбек Дүйшеев.

“Биздин комиссия Жер үй боюнча Өкмөткө кайрылганда майнап чыкпайт, Өкмөт бул ишке өзү кызыкдар, алар биздин комиссиянын түзүлгөнүнө кызыкдар эмес. Мына бул жерде олтурган эксперттер канча жолу Өкмөткө жазып жүрүшөт, бир жыйынтык чыккан жок. Биз прокуратурага жазышыбыз керек. Мына бул фактылардын баары далилденген, ушул документтердин баарын пррокуратурага берип, Элдик комиссия :”Карагыла!” деш керек. Ошондо жыйынтык чыгышы мүмкүн. Өкмөт бүгүн Элдик комиссиянын ишине кызыкдар эмес. Эгер өкмөт кызыкдар болсо бүгүн өкүлдөрү келип ушул жыйынга катышып олтурмак. Алар кызыкдар эмес. Эгер кызыкдар болсо Атамбаевге тагылган 6 эпизод боюнча кендерди кайра алыш керек эле да, анын ичинде Жер үй да бар болчу. Өкмөт кызыкдар эмес. Ошондой эле Жогорку Кеңеште олтурган депутаттар Мирлан Жээнчороев, Кенжебек Бокоевдор да Жер үй боюнча чындыктын ачылышына кызыкдар эмес, ошондуктан бул ишти прокуратурага беришибиз керек, ошолор иликтесин”, – деди “Кыргызалтындын” экс-төрагасы Сагынбек Абдыракманов.

Эсиңиздерге сала кетсек, Таластагы 5 миллиард доллар алтыны бар “Жер үй” алтын кенин 2015-жылы президент Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев Россиялык чечен миллиарддер Муса Бажаевге 100 млн эле долларга, Кыргызстанга 1% да үлүш калтырбай сатып жиберишкен. Эми 100 тонна алтыны бар Жер үйдүн 1 кг алтынына да Кыргызстан ээлик кыла албайт.

Ал эми Атамбаев менен Темир Сариевге чечендерди алып келген Өмүрбек Бабанов экенин коомчулук айтып жүрөт. Мирлан Жээнчороев Бабановдун жакын тууганы жана Бокоев экөөсү Бабанов негиздеген “Республика” партиясынын мүчөлөрү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *