Видео – Сайдулла Нышанов: «Казарман элине таза суу, Ташман коругундагы элге жаңгак терип алууга уруксат керек!”

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Ар кыл маселелер” саатында  ар кайсы маселелерди көтөрдү. Депутат Сайдулла Нышанов көйгөйлүү үч маселени (таза суу, жаңгак түшүмү жана жол) көтөрүп чыкты. Парламентке катышкан өкмөт мүчөлөрүнө ушул үч сунушту айтты.

Депутат С. Нышанов: “Казарманда таза суу жок, ушуну тезирээк чечүү зарыл. Бул бир. Экинчи маселе Базар-Коргондогу Ташман деген корук бар, ошондо жаңгак бышып, жерге түшүп, аны эл тере албай жатат. Бул элдин жападан жалгыз кирешеси, ага теректерди кыйып кетет деп киргизбей жатышыптыр. Эл тийбейт, кеспейт, жаңгакты гана терип алат эле. Муну да чечпесек эки тараптын ортосунда чыр чыгып кетиши ыктымал. Үчүнчү маселе – техника, Базар-Коргондогуларга кышка техника керек !»,-деди.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *