Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Видео — Саламаттык сактоо министринин иш бөлмөсүн «Чоң казат» партиясынын өкүлү ээлеп алган
Видео КООМ

Видео – Саламаттык сактоо министринин иш бөлмөсүн “Чоң казат” партиясынын өкүлү ээлеп алган

КР Саламаттык сактоо министринин иш бөлмөсүн “Чоң казат” партиясынын өкүлү ээлеп алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда “Партнердук тармак” Ассоциациясынын жетекчиси Айбар Султангазиев билдирип, социалдык тармактагы баракчасына видеотасма жарыялады.

Анын айтымында, департаменттин имаратына Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку жана келечектеги коомдук кеңешинин өкүлдөрү келишкен. Саламаттыкты сактоо министринин иш бөлмөсүндө аларды “Чоң казаттын” өкүлү, борбордун тез жардам кызматынын мурдагы башчысы Жаркынбек Касымбеков тосуп алды. Эми ал Саламаттыкты сактоо министрлигин координациялайт имиш

“Биз коомчулукту чогултуп, башкаруу механизми кандай болоорун координациялык кеңеште чечебиз” – дейт Султангазиев.

https://www.facebook.com/100000526660524/videos/3975727649121418

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады