Видео – Шайлообек кызы Нуржан, юрист: “Эсенжан Мусурманкулов биздин компанияга жөн эле Бакиевди жармаштырып жатат, ал алдамчы»

Бүгүн, 22-ноябрда АКИpress маалымат борборунда «Голден Сильвер» компаниясынын генералдык директору Эсенжан Мусурманкулов, укук коргоочу Качкын Булатов басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар прокуратура органдары тоо-кен компаниясы боюнча болуп жаткан процесстерге кийлигишип жатканы жөнүндө айтып беришти. Эсенжан Мусурманкулов Максим Бакиевдин командасы анын компаниясынын лицензиясын тартып алганын, ошондон бери эле лицензиясын кайтарып ала албай соттошуп келатканын, ал маселе боюнчу учурда соттук териштирүү жүрүп жатканын билдирди. Качкын Булатов сот процессинде кимдер тоскоолдук жаратып жатканын айтса, Абдыкалыков Эрмек менен Абдылдаев Эрик “Георесурс” компаниясында иштеп, бир канча айдан бери айлыктарын ала албай жаткандарын айтышты. Ошондой эле алар эмгек келишими жазуу жүзүндө эмес, оозеки жүзүндө болуп калганын кошумчалашты.

Жыйын ортолоп калганда журналисттердин арасында отурган бир кыз: “булар алдамчылар”,-деп чыр чыгарган. Ал кызды кепке тартып, таанышып, иштин чоо-жайын сурасак, “тигилердин калп айтып жатат”,- деди. Бейтааныш кыз – Шайлообек кызы Нуржан, ЗАО ТК «Георесурс» компаниясында юрист болуп иштейт экен. Ал жогорудагы айлыкты айткан эки баланы “тааныбайм, биздин компаниядан көргөн эмесмин”,-деп, сөзүн улады. «Азыркы жыйында Эсенжан Мусурманкулов менен Качкын Булатовдун айткандарынын баары жалган. АларБакиевдин командасы келип, рейдерлик жол менен биздин лицензиябызды тартып алышкан”,- деп жатышпайбы. Бул туура эмес. Буларга убагында мамлекет компанияны иштеткенге мүмкүнчүлүк берген. Алар иштетип кете алган жок, кайра компаниянын карызга белчесинен батырышты.  Булардын мамлекетке карызы толтура.  Ошону төлөбөштүн айласын кылып компаниясын банкрот деп жарыялашкан. Анан банкрот болгон компания кантип элге иш берет жана иш ордун камсыздай алат? Ага болбой эле Мусурманкулов Эсенжан бардык жерге барып эле “Голден Сильвер” компаниясынын гендиректормун” деп келатат. Ал азыр анын жетекчиси эмес, мурункусу болчу. Ал алдамчы адам”,-дейт юрист кыз.

Шайлообек кызы Нуржандын айткандарын толугу менен төмөндөгү видеотасмадан көрүңүз:

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *