Видео – Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырган Сох-Риштан жолу ачылды

Алты жыл мурун жабылган Сох-Риштан жолу 31-августта кайрадан ачылды. Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырган жалгыз жол 2013-жылы 5-6-январда Кыргызстан чек арачылары менен жергиликтүү тургундар ортосунда кагылышуу болгондон кийин жабылган.

Фергана облусунун эки районун байланыштырган 70 чакырым аралыктагы жол толугу менен Кыргыстандын аймагы аркылуу өтөт.

Алты жыл бою Сох анклавынын тургундары Фергана облусунун борборуна жетүү үчүн Водил посту аркылуу 130 чакырым аралыктагы айланма жолду басып өтүп турууга мажбур болушкан.

Былтыр Өзбекстан менен Кыргызстандын расмий делегацияларынын жолугушуусунда өзбек лидери Шавкат Мирзиёев эки өлкө чек аралары эл үчүн ачыларын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *