Видео – Сот Алмаз Атамбаевдин эки арызын карап, экөөсүн тең канаатандырган жок

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаардык сотунун көчмө коллегиясы УКМКнын абагында олтурган Алмаз Атамбаевдин жактоочуларынын Биринчи май райондук сотунун Атамбаевдин мыйзамсыз кармалышы жана 26-октяьрга чейин камалышы боюнча чечимдерине каршы эки арызын карап, экөөсүн тең канаатандырган жок. Бул тууралу Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Эсиңиздерге сала кетсек, Алмаз Атамбаев 8-августта “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу аракеттерине каршылык көрсөтүү”, “адам өлтүрүү”, “коррупция” беренелери боюнча 26-августка чейин камакка алынып, кийин 26-октябрга чейин узартылган. Аны кармоо учурунда бир УКМКнын офицери атып өлтүрүлгөн.


Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *