Видео – Судья ант берип жатып, колун Конституцияга койгонду унутуп калган

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңеш Конституциялык палатага үч судьяны шайлады. Алар жашыруун добуштан кийин дароо эле ант беришти.

Судья Латип Жумабаев Жогорку Кеңеште ант берип жатып, колун Конституцияга койгонду унутуп калып, антты окуй баштаган. Залда отурган депутаттар ага эскертүү беришкен. Судья кечирим сурап, антты кайра башынан окуган.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *