Видео – Бангкоктогу сулуулар сынагында Бегимай Карыбекова купальникчен чыкты

Кечээ, 13-декабрда Бангкокто “Аалам сулуусу — 2018” эл аралык сулуулук конкурсунда купальник жана кечки кийимдер боюнча таймаш өттү. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, “IMPACT” көргөзмө-спорт комплексинде өткөн иш-чарага жалпысынан 93 сулуу катышкан. Сахнага алты кыз катары менен чыгып, өздөрүн тааныштырып, андан кийин купальникчен болуп, сахнада басышкан.

Сулуулар конкурсуна Кыргызстандын атынан катышып жаткан Бегимай Карыбекова өзүнүн сахнага чыккан учурун  көрсөткөн видеону өзүнүн “Instagram” баракчасына жарыялады.

Эскерте кетсек, 67-жолу уюштурулуп жаткан “Аалам сулуусу” конкурсунун финалы 17-декабрда Бангкок шаарындагы “Impact Arena” көргөзмө борборунда өтөт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *