Видео – Темир Сариев радикалдуу оппозициядагы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына келип кошулганын билдирди

Бүгүн, 18-августта Темир Сариев радикалдуу оппозициядагы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына келип кошулганын, 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоодо биригип күрөшө турганын билдирди.

“Мадумаров менен Сариев биригип, “Ак шумкар” партиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен бирдиктүү шайлоого барат. Биздин астыбызда бүгүнкү күндө чоң чакырыктар турат. Биринчиси, дүйнөлүк пандемия кризиси, экинчиден экономикалык маселелер бүгүн алдыңкы планга чыгып олтурат. Бир топ мекендештер кайтып келишти, бир топ завод-фабрикалар 5 айдан бери иштебей турат. Экономикада абдан чоң тартыштык болуп жатат. Бюджеттик тартыштык бар. Үчүнчүдөн өлкөдөгү балдардын маселеси бар, анан чек ара меселеси аябай чоң көйгөй. Бул маселе да баарыбызды кыжаалат кылып турат. Мына ушул көп маселелер боюнча көз караштарыбыз дал келет. Алдыда чоң максаттар бар, мына ошол максаттарга чоогу аракет кылып, чоогу ийгиликтерге жетишебиз”, – деди Темир Сариев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *