Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Видео — Токмокто 46 жаштагы аял күйөө баласына бычак сайган. Ал жооп катары аялдын кекиртегине жана денесинин башка жерлерине бычак сайган
Криминалдык хроника жана окуялар

Видео – Токмокто 46 жаштагы аял күйөө баласына бычак сайган. Ал жооп катары аялдын кекиртегине жана денесинин башка жерлерине бычак сайган

Токмокто үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда эки жаран бири бирине бычак сайган. Алардын жанында турган адам дагы жаракат алган. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-октябрь күнү саат 00:36 чамасында Токмок шаарынын аймактык ооруканасына бычактан алган жаракаттарынан улам үч жаран түшкөнү тууралуу Токмок шаарынын ИИБнө маалымат келип түшкөн.

Аталган факт Токмок шаарынын ИИБү тарабынан КР Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден-соолукка оор залал келтирүү” боюнча кылмыш катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда 46 жаштагы И.М. күйөө баласына бычак сайган. Ал эми күйөө баласы 36 жаштагы Н.А. , жооп катары кайненесинин кекиртегине жана денесинин башка жерлерине бычак сайган. Бул учурда алардын жанындагы турган 27 жаштагы К.М. дагы жаракат алган.

Учурда окуя тууралуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми чыр-чатакка катышкан үч жаран ооруканада милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда жатышат.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Январь айында эле 11 адам өрттөн каза тапты

Якутскидеги токойдон кыргыз жана тажик мигранттарынын сөөктөрү көмүлгөн уруксатсыз көрүстөн табылды

Якутияда зордуктоо үчүн айыпталган кыргызстандыктар соттолду