Видео – Түркиядан келген кыргызстандыктар “Ак-Кеме” мейманканасына обсервацияга жаткырылды

Түркиядан келген кыргызстандыктар “Ак-Кеме” мейманканасына обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу туристтик агенттиктин директору Салим Урусанов журналисттерге билдирген.

Анын айтымы боюнча, учакта 197 жүргүнчү болгон. Алардын бардыгынан таажывируска анализ алышып, мейманканага жаткырылышкан. Обсервациялоо жайынын шарттарына эч ким нааразы болгон эмес.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда таажывирусун жуктуруп алгандардын саны – 42.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *