Видео – Түркмөнстандын мурдагы ички иштер министри соттолду

Түркмөнстандын мурдагы ички иштер министри Исгендер Муликов камакка алынып, ага карата сот өкүмү чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин 3-декабрдагы жыйынында башкы прокурор Батыр Атдаев билдирди.

Ошол эле күнү кечинде мамлекеттик телеканалдар колу кишенделген экс-министр күнөөсүн мойнуна алып, кылганына өкүнүп жатканын айткан видеону көрсөтүштү.

— Мен, Исгендер Муликов 2009-2019-жылдары ички иштер министри болуп иштеп жүргөндө ач көздүгүмөн улам кызмат абалымды пайдаланып, пара алгам. Урматтуу мамлекет башчы бардык шарттарды түзүп бергенине карабастан, туура эмес жолго барып, өзгөчө ири өлчөмдө пара алып жүргөм. Бул кылмыштарым ачыкка чыккандан кийин мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылдым. Күнөөмдү толук мойнума алып, өкүнүп жатам, — деген Муликов.

Мурдагы министр мыйзамсыз ээ болгон бардык мүлк мамлекеттин карамагына өткөнү кабарланууда.

Өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедов быйыл 1-октябрда Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында Муликовду залдан кууп чыгып, кызматтан алган.

Мындан соң анын соттолгондугу тууралуу ар түрдүү ырасталбаган маалыматтар айтыла баштаган. Аларга ылайык, экс-министр 25 жылга соттолгон. Мамлекеттик телеканалдын репортажында Муликовго карата чыгарылган өкүм боюнча эч нерсе айтылган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *