Видео – УКМК атамбаевчи Фархат Баабиевдин “Оштуктарды сабап, үйлөрүн өрттөш керек, “Чүйдөн Ошуңарга кеткиле” деп кысыш керек, ошондо переворот болот” деген аудиотасмасын текшерип жаткандыгын билдирди

КР УКМК атамбаевчи Фархат Баабиевдин “Жөнөкөй эле Оштуктарды сабап, үйлөрүн өрттөш керек, “Чүйдөн Ошуңарга кеткиле” деп кысыш керек, ошондо переворот болот…” деген аудиотасмасын жана башка видеотасмаларды текшерип жаткандыгын, эгер алардын аныктыгы ырасталса күнөөлүүлөр Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде жазасын алышарын билдирди.

Төмөндө ал аудиотасманын стенограммасы:

Фархат Баабиев: – Аманчик, тиги, силерде бир дело бар да, мен айтайын деп, айтпай койбодумубу…

Аман: -ии…

Фархат Баабиев: – Неме кылыш керек муну, Аманчик, короче деген, Чүйдө жашап жаткан Оштуктарды талкалаш керек, муну региональный конфликт кылыш керек да , чоң. Оштуктар “кеткиле Ошуңарга” депчи, оштуктардын бизнесин өрттөш керек, оштуктардын өздөрүн сабап, Чүй оштуктарга кысым кылыш керек да.

Аман: -аа…

Фархат Баабиев: – Ошондо правительство ойгонот. Ошондо лидерлер чыгат, ошондо переворот болот. Ошондо оштуктар айтат: «Соке, ушунун баары сенин айыңан, давай, кет”, – депчи, –  “Сенин айыңан эки жаат болуп чабышып жатабыз” деп. Крупный –крупный бизнестер, Жаннат-паннаттар жалаң оштуктардыкы да, ошолорду поджигать этиш керек. Новостройкалардагы жөнөкөй эле оштуктардын үйлөрүн талкалап, өзүлөрүн сабап, ушундай кылыш керек да.

Аман: -ыы…

Фархат Баабиев: – Короче, бир 100-200дөй үй жабыркап калсачы, ошондо гана вспышка чыгат. Оштуктар тийише албайт местыйларгачы.

Аман: – Аа. Хорошо анда, түшүндүм. Эртең жолукпайлыбы, чалышалы.

Фархат Баабиев: – Жанагы экөөбүз сүйлөшкөндү раскачка кылыш керек, ошондо нормальный неме болот, движения.

Аман: – Все, все, макул, түшүндүм.

Фархат Баабиев: – Түшүндүң да, ээ?

Аман: – Ооба, ооба.

Фархат Баабиев: – Все анда, давай…

Аман: – Давай, абайлагыла…

Фархат Баабиев: – Давай…

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *