Видео – УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев бүгүн депутат Жанар Акаевди коркутууга аракет кылды

Бүгүн, 16-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин жыйынына чакырылган УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев атамекенчи депутаттар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алманбет Шыкмаматовдор коррупция менен айыпталып жаткан “Белиз-гейт” чыры боюнча депутаттардын алдында билдирүү жасады.

УКМКнын документтерине шектенүү менен суроо берген депутат Жанар Акаевге УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев өктөм сүйлөп, какшык менен коркутууга аракет кылды.

Сөзгө аралашкан депутат Өмүрбек Текебаев “УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев депутат Жанар Акаевге атырылып, депутатты коркутуп, кагып-силкип жатат. Эмне үчүн антесиң? деп. Спикер буга жол бербеш керек. Биз ушундай УКМКнын башчысы Суталиновду көргөнбүз. Азыр кайда? Түрмөдө! Ушундай эле генпрокурор Элмурза Сатыбалдиевди көргөнбүз. Азыр кайда? Түрмөдө! ИИМ министри Коңгайтиевди көргөнбүз, анын эмне болгонун элдин баары билет. Президенттин бир туугандарын көргөнбүз, алар да ушинтип келип коркутушчу. “Эртең камап жиберем” дегенсип. Аягы эмне болгонун көргөнбүз. Сегизбаевдин бул сөзү коркутуу жана кысым катары кабыл алынат”, – деди .

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *