Видео – Улан Назаралиев, бал челекчи: «Аары да ооруйт, өлөт, өлгөн аарыны ыргытпайбыз, андан дары жасайбыз”

Октябрдын ортосунан бери бал жарманкеси Бишкекте өтүүдө. Учурда Спорт ордосунун ичинде өтүүдө. Уюштуруучулардын айтымына караганда, бул жарманкеге балдын 80ден ашуун түрү коюлган. Түрүнө жараша баасы коюлган, 280 сомдон 450 сомго чейин.

Жарманкенин максаты – шаардыктарга сапаттуу, табигый бал азыктарын тартуулоо жана эл арасында аны колдонууну жайылтуу.

Жарманкеге 7-8 жылдан бери катышып келаткан Токтогулдун жараны Улан Назаралиев менен жубайы Сүйүмкан Тууганбаеваны кепке тарттык. Алар кызыктуу маек куруп беришти.

Улан мырзанын айтымында, алар июнь, июль айындагы төрт түрлүү балдарды алып келип сатышууда. Алардын кардарлардын көбү чет өлкөлүктөр. Айрым кардарлар сатып жаткан жерине барып да аарыны оорусуна чактырып кетишүүдө. Чактырууну да мыкты билүү керектигин баса белгиледи. Өзүнүн кесиби – зоотехник, Союз учурунда эле кесиби менен (аары, бал менен) алектенчү. Бал челекти кармап келатканына 35 жыл болуптур. Анын айтымында, аарылар да ооруп өлөт, ошол өлгөн аары да дары. Аарыдан жасалган дарыдан далай адамдар оорусунан айыгыптыр. Азыркыга чейин туруктуу кардарлары бар.

“Бал алгандан кийин таза эмес экен?”,-деп келген сатып алуучулар болдубу?”,-деп сурасак, Сүйүмкан Тууганбаева ал боюнча айтып берди. Анын айтымында, андай сатып алуучулар бар. “Бал суукта отуруп калат, тагырагы, быдыр-быдыр болуп калат, супсуюк болбойт. Быдырынан кооптонуп алып келгендер болду: “бул таза эмес экен, сахарды көп кошуп коюпсуңар”,-деп. Анан биз аны түшүндүрүп берсек, туура түшүнүштү. Биз эч качан таза эмес бал сатпайбыз, дайыма таза сатабыз. Ошон үчүн жарманкеге көп жылдан бери катышып келатабыз”,-дейт С. Тургунбаева.

Айтор, жубайлар аары боюнча көп кызыкты айтып беришти, аарыны кышында кантип сакташаарын, аарылар кышында эмне менен тамактанаарын…

Бал челекчи  жубайлардын айткандарын төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *